Башкы прокуратурада кадрдык өзгөрүүлөр болду

Улукбек Султанов Башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулуп, ордуна Баймурза Маатов дайындалды. Ал эми Малик Бектурганов Башкы прокурордун орун басары болуп келди.

Тиешелүү буйруктарга Садыр Жапаров кол койгон.

Ушул жумада Башкы прокурор болуп Максат Асаналиев дайындалган.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
❗️Бишкекте "Тазалыкта" иштеген аялды сүзүп качып кеткен айдоочу изделүүдө

Окуя 8-июнь таңкы саат 04:40 чамасында болгон. Жол кайгуул милициясынын маалыматы боюнча, ак түстөгү Daewoo Nexia машинасы Москва—Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде 64 жаштагы аялды сүзүп качып кеткен. "Тазалыктын" кызматкери оор абалда ооруканага жаткырылган.

Учурда айдоочу изделип жатат. Жол кайгуул милициясы аталган окуянын күбөсү болгондор чыкса 102 же 031253-01-81, 996509102122 (WhatsApp) телефондоруна чалып, жазып коюуну өтүндү.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
Please open Telegram to view this post
VIEW IN TELEGRAM
❗️Ысык-Көлдө Токтогон Алтыбасарованын атындагы үй-бүлөлүк тарбия берүү боюнча "Эне жана Мээрим элдик руханий-агартуу борбору" аттуу евразиялык аянтча ачылат.

Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу болгон “Салттуу баалуулуктарды карманган аялдар союзу” коомдук бирикмеси билдирди. Муну менен катар Токтогон Алтыбасарованын эстелигин ачуу пландалууда.

Салтанаттуу ачылышы 9-июнда Түп районунун Ак-Булуң айылында өткөрүлөт. Эстелик Гүлнара Дегенбаева жетектеген “Мээрим булагы” фондунун демилгеси менен даярдалаган.

Иш-чарага канайым Айгүл Жапарованын, коргоо министри Бактыбек Бекболотовдун, Бишкек жана Кыргызстан епискобу Савватийдин, Россия элчилигинин өкүлдөрү жана аскердик атташесинин, Санкт-Петербургдан келген коноктордун жана башкалардын катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чараны өткөрүүгө Россиянын элчилиги, Коргоо министрлиги, Бишкек жана Кыргызстандын епархиясы колдоо көрсөткөн. Биргелешип уюштурууга Ленинград блокадачыларынын кыргыз коому жардам берген.

Токтогон Алтыбасарова 18 жашында Ленинград курчоосунда калган 150 баланы канатына калкалап өстүргөн. Ал тарыхта мээрман, ак жүрөк эне катары калды.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
❗️Кыргызстан менен “Газпром” өлкө калкын жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимдерге кол койду

“Санкт-Петербург эл аралык экономикалык” форумунун алкагында “Газпром” ачык акционердик коомунун төрагасы Алексей Миллер менен энергетика министри Таалайбек Ибраев жолуккан. Анда:

— Кыргызстандын калкын жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча узак мөөнөттүү келишимге кол коюлду. Жеткирүү 2025-2040-жылдарга чейин ишке ашырылат;

— Ошондой эле газ “Электр станциялары” ачык акционердик коому менен “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасына жеткирилет.

Ибраев Миллерге эки өлкөнүн отун-энергетика тармагындагы кызматташтыгына кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирген.

@Sputnik_Kytgyzstan_KG
🇷🇺Петербург форумунун катышуучулары былтыркыга салыштырмалуу көп болду

"МTC Travel" сервисинин адистеринин айтымында, бул жылы форумдун алгачкы күндөрүндө 2023-жылга салыштырмалуу катышуучулар 25 пайызга көп болгон.

"Быйылкы иш-чаранын башталышында 120 мамлекеттин өкүлдөрү келди. Мында Кытай, БАЭ, Катар, Беларусь, Казакстан жана Египеттен делегаттар көп болду”, — деп жазылган изилдөөдө.

Жалпысынан форумдун биринчи күнүндө 18 миң киши катышкан. Аналитиктердин баамында, иш-чара маалында шаардагы мейманканаларга келгендердин саны арбып, алар жашай турчу жерди бир нече күнгө брондогон.

@Sputnik_Kytgyzstan_KG
Forwarded from Кыргыз кеп
Бешикке байланыштуу ишенимдер

🔸Ымыркайга арналып алынган бешикти колдонгондон кийин сатканга болбойт. Сурап келгендерге “кайра кайтарасыңар" деп беришкен.

🔸Сатып аларда соодалашпайт. Устанын айткан акчасын берет. Ал да төрт колун салбашы керек.

🔸Куру терметилген бешик жамандыктын белгиси, баласыз өтүп, наристе токтобой калат деген ишеним жашаган.

🔸Бешиктин бети дайыма жабылып турган. Бөбөктүн жүзүнө айдын нуру да төгүлбөшү керек деген ишеним бар. Баса, караңгыда бешикти алып чыкпайт, жылдызга көрсөткөнгө болбойт дешкен.

🔸Бөбөктү бешиктин оң тарабынан бөлөп, кайра оң жагынан чечип алуу зарыл.

🔸Бешикти аттап өтпөйт, теппейт.

🔸Табытты көтөргөн сыяктуу болуп калат деген сактануу менен бешикти эки адам көтөргөн эмес. Экөөлөп да терметпейт.

🔸Наристе жаткан бешикке өбөктөп, күч салган туура эмес. Балдарды тебелеп-тепсетип, үстүнө чыгарып, ойнотпош керек.

🔸Бөбөктү бөлөп жатканда эч ким сыртка чыкпаш керек. Наристенин уйкусун алып чыгып кетет дешкен.

@kyrgyz_kep
Амансызбы, бурадар? Дем алыш күнүңүз жакшы маанай, жакшы жаңылыктар менен башталсын!

Күнгө жекшемби. Аптаптуу ысык башталды окшойт. Бүгүн Чүй облусу, Бишкек, Ош шаарларында күн 37 градуска чейин ысый турганы айтылды. Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында күндүн табы 35 грудуска чейин көтөрүлсө, Ысык-Көл менен Нарында 27 градуска чейин жылуу болот.

Адистер күн катуу ысыганда өнөкөт оорусу жокторго суу көп ичүүнү сунуштайт. Ошондой эле саат 12:00дөн 17:00гө чейин күн ачуу тиерин унутпаңыз.
Мамлекет жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүнү мындан ары да улантат. Бул туурасында Садыр Жапаров Жеңил өнөр жай кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган куттуктоосунда айткан.

“Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын, анын ичинде пахтаны кайра иштетүү, текстиль, тигүүчүлүк, бут кийим тигүү, булгаары, мех жана жүндү кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүнүн келечеги кең”, — деген ал.

Аны менен катар эле мамлекет жеңил өнөр жай ишкерлеринен өндүрүштө алдыңкы технологияларды колдонууну, технологиялык процесстердин экологиялык коопсуздугун сактоону, мамлекеттин экономикалык, стратегиялык коопсуздугун жогорулатууну күтөрүн белгилеген.

@Sputnik_Kytgyzstan_KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Атайын сигнал менен кетип бара жаткан, маселен, Тез жардам же өрт өчүрүүчүлөрдүн автоунаасын өткөрбөй койгон айдоочу 10 миң айып төлөрүн билесизби?

Жол милициясы бул туурасында эскертип, республика ичинде “Маяк” деп аталган рейд өткөрөт.

@Sputnik_Kytgyzstan_KG
Иран Россия менен Батыштын аскердик тирешүүсү көйгөйдү чечпейт деп эсептейт. Мындай пикирин аталган өлкөнүн ТИМ башчысынын милдетин аткарып жаткан Али Багери билдирген.

Дипломат Иран тараптарды диалогго чакырарын айткан.

@Sputnik_Kytgyzstan_KG
Буйрук деген ушу! Кыргызстандык балбан бир да беттеште утпай коло медаль тагынды

Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Венгрияда өткөн рейтингдик мелдеште 74 килограмм салмакта кармашкан.

Биринчи беттеште венгриялык балбан Мурад Курамагомедовдон жеңилип калган. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алган. Анда өзбекстандык Бекзод Абдурахмоновдун жаракат алганына байланыштуу кыргызстандык спортчу 3-орунду ээлеген.

@Sputnik_Kytgyzstan_KG
Беш облустун айрым айылдарынын аталышын өзгөртүү сунушталды

Мыйзам долбоорду өкмөт демилгелеген. Мындай чечим улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү аталыштарын кайтарууга багытталган. Демилге жергиликтүү бийликтер менен макулдашылган.

Аталышы өзгөрө турган айылдар:

Жалал-Абад облусу боюнча алсак,
▪️Аксы районунун Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылы — Малкалды;
▪️Ноокен районунун Ноокен айыл аймагынын Параканда айылы — Баракелде;

Нарын облусу:
▪️Кочкор районунун Кочкор айыл аймагынын Большевик айылы — Баялы Исакеев;

Талас облусу:

▪️Бакай-Ата районунун Шадыкан айыл аймагынын Ынтымак айылы — Шадыкан;
▪️Манас районунун Май айыл аймагынын Новодонецк айылы — Айтматов;
▪️Талас районунун Бердике баатыр айыл аймагынын Козучак айылы — Жанкороз-Олуя;
▪️Талас районунун Калба айыл аймагынын Балбал айылы — Жаныбек баатыр;

Чүй облусу:
▪️Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылы — Сыйдалы;

Ысык-Көл облусу:
▪️Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагынын Теплоключенка айылы — Ак-Суу;

@Sputnik_Kytgyzstan_KG
Ысык-Көлдө Токтогон апага (Алтыбасарова) арналган тарыхый экспозиция ачылды

Иш-чарага жергиликтүү бийликтин, Коргонуу министрлигинин, РФтин Кыргызстандагы элчилигинин жана башка тараптардын өкүлдөрү катышты.
Аны салттуу баалуулуктарды сактоо боюнча аялдардын биримдиги уюштурса, эстелик “Мээрим булагы” фондунун демилгеси менен даярдалган. Ал Түп районун Ак-Булуң айылында (Светлый мыс) жайгашты.
Мындан сырткары Энелер аллеясын көрктөндүрүштү.

Токтогон Алтыбасарова ким? Бул инсан адамзаттын боорукердигинин символу. Улуу Ата Мекендик согушта блокадаланган Ленинграддан Кыргызстанга жөнөтүлгөндөрдүн ичинен 150 баланы канатына дал ушул аял калкалаган. Ал кезде Алтыбасарова болгону 18 жашта эле. Кийин согуш аяктап, баккан балдарынын бир даары туулган жерине кеткенден кийин да кол үзбөй, көбү менен байланышып турган. Алар бул мээримдүү аялды Токтогон апа дешкен. Алтыбасарова 2015-жылы көз жумган.

@Sputnik_Kytgyzstan_KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Боорукер эне Токтогон Алтыбасарованын эстелиги Ак-Булуңда ачылды

Иш-чара “Эне, Боорукердик, Эстелик” деп аталган эл аралык форумдун алкагында өттү.

Ошондой эле Ысык-Көлдө Токтогон Алтыбасарова атындагы "Эне жана Мээрим элдик руханий-агартуу борбору" үй-бүлөлүк тарбия берүү боюнча евразиялык аянтча ишин баштады.

10-июнда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз элинин эрдигине арналган эл аралык форумдун экинчи этабы болот.

Видео: КРдин Коргоо министрлиги

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Бишкекте эл ташыган автобус түркүктү сүздү

Окуя эртең менен Ак-Ордо конушунда болгон.

Алдын ала берилген маалыматта айдоочунун кан басымы көтөрүлүп, эсин жоготкон. Мэриядан ичинде бараткандар аман-эсен экенин билдиришти.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
This media is not supported in your browser
VIEW IN TELEGRAM
Казакстандын бир катар аймактарында чегиртке күч алды

Жергиликтүү бийлик тиешелүү ведомстволор менен дары сээп, алардан арылуу иштерин жүргүзүп жатканы менен абал жолго салына элек.

Sputnik Казакстан чегирткелерге каршы кандай “согуш” жүрүп жатканын көрсөттү.

"Бир жолу дары септик, эртеси башкалары пайда болуптур, мобулар чегирткелер”, — деп видеонун автору түшүндүрүп жатканын угууга болот.

Түркстан облусунда дары себилген 260 миң гектар аянттан сырткары чегирткелер дагы 50 миң гектарды басып кеткенин айтышты.

@Sputnik_Kyrgyzstan_KG
2024/06/09 19:04:44
Back to Top
HTML Embed Code: